Бүгүн Ак илбирстин эл аралык күнү. Садыр Жапаров 23 мүнөт убакыт бөлүүгө чакырды

11:03, 23 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрь Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата ачык кайрылуу жасады.

«Бул демилге дал ушул кыргыз жергесинен, биздин элибиздин чын жүрөгүнөн чыгып, бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараганы мен үчүн өзгөчө сыймык! Бириккен Улуттар Уюмунун Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилөө боюнча резолюциясынын бир добуштан кабыл алынышы дипломатиялык ийгилик гана эмес, табият мурастарын сактоонун алдында чек аралардын мааниси жоголуп, адамзат бир муштумдай биримдигин көрсөтө алгандыгынын айкын далили болуп калды.

Кыргызстан менен ак илбирсти айрып кароого мүмкүн эмес.

Ак илбирс — ак кар баскан тоолорубуздун жаны, көк мелжиген чокуларыбыздын сакчысы, эзелтен туу тутуп келаткан эркиндигибиз менен чыдамкайлыгыбыздын жандуу символу. Ал дагы элибиз сыяктуу ак мөңгүлүү тоолоруна берилген, эң кыйын кезеңдерде дагы өз жерин таштап кетпейт. Биз, улуу тоонун уул-кыздары асман тиреген бийик чокулардан эркиндикти, эгемендикти жана майтарылбас эркти үйрөндүк.

Тээ байыртадан бери ата-бабаларыбыз ак илбирс сыяктуу өз баалуулуктарын сактап, кылымдардан кылымдарды карытты. Эгемендикти сүйгөн деми, бекем эрки, чыдамкайлыгы менен катаал шарттардан майышпай чыгып, ар кандай тарыхый сыноолорду жеңип келишти. Мындай даңктуу элдин урпагы катары биз ушул касиеттүү жаныбар сымал күчүбүздү башка элдерди багынтуу үчүн эмес, өз Мекенибизди, наркыбызды, салтыбызды жана үй-бүлөбүздү коргоо үчүн топтойбуз. Мындан ары да түпкү тамырыбызга, өзөгүбүзгө берилген бойдон калабыз, андан ары өнүгүп-өсөбүз», — деди өлкө башчысы.

Өлкө башчысы бүгүнкү күн ак илбирстин көркөмдүгүнө суктануу үчүн гана эмес, адамзатты абийирге жана жоопкерчиликке глобалдык чакырык экенини кошумчалады. Ошондой эле бул күндүн урматына символикалуу түрдө 23 мүнөт убакыт таап, жөө басууга, көнүгүүгө жана сейилдөөгө арноого чакырды.