21:32
USD 87.45
EUR 101.41
RUB 1.07

Бишкекте «Акыркы дем» кыргыз драмасы көрсөтүүгө чыкты

Бүгүн Бишкек кинотеатрларда «Акыркы дем» кыргыз драмасы көрсөтүлөт.

Кыргызстандын тоолорунда чабан Бакыт союуга аз калган легендарлуу күлүктөрдүн тукуму болгон Мончок аттуу жарат алган жылкыны куткарып калат. Кызы Карлыгач үчүн бул ат кыялдын, үмүттүн символуна айланат. Жарыштагы жеңиштер атак-даңкка жол ачат, бирок башкалардын ач көздүгүн ойготот. Бакыттын алдында эки ача жол турат: Мончоктун эркиндиги үчүн күрөшүү же шашылыш операцияга муктаж болгон кызынын өмүрүн сактап калуу.

Режиссер: Автандил Батырбеков.

Жанр: драма.

Тили: кыргыз.

Актёрлор: Аскат Сулайманов, Амина Абдраимова, Руслан Орозакунов, Жылдызбек Касеинов.

Эң көп окулган жаңылыктар