Бүгүн саат 13:20да Кыргызстандын аймагында 12 баллдык MSK-64 шкаласы боюнча 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Тогуз-Булак айылынан 20 чакырым түштүк-батышты карай, Коңур-Өлөң айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышты карай, Бөкөнбаев айылынан 35 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.
Тогуз-Булак жана Коңур-Өлөң айылдарында жер титирөөнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча болжол менен 3,0 баллга жеткен.
Кошумчалай кетсек, Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 22-октябрда эки жер титирөө катталган:
- саат 13:33тө, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Өзгөрүш айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышты карай, Нарын шаарынан 62 чакырым түштүк-чыгышта;
- саат 20:04тө, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Өзгөрүш айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышты, Нарын шаарынан 55 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.