Нарын шаарында жаңы, заманбап «Мундуз Ата» спорт комплексинин ачылышы болду. Ал жергиликтүү инвестор жана ишкер Айбек Моноловдун каражатына курулган.
Ачылыш аземге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышып, шаар тургундарын маанилүү окуя менен куттуктады.
«Зыяндуу адаттардан сактанган дени сак, билимдүү, ынтымактуу муундарды тарбиялоого заманбап шарттар түзүлдү», — деп белгиледи ал өз сөзүндө.
Комплекс Кыргызстандын келечектеги чемпиондорун өнүктүрүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.