24-октябрга карата аба ырайы

17:11, 23 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 24-октябрда Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө +20 ... +25,

Талас жергесинде +19... +24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +21... +26,

Ысык-Көлдө +14 ... +19,

Нарында +13... +18 градус болот.

Бишкек шаарында күндүн табы +3... +25 градуска жетет.