15:29
USD 87.45
EUR 101.41
RUB 1.07

U-23: Кыргызстандык Нурзат Нуртаева күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Учурда Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Нурзат Нуртаева алтын медалды жеңип алды. Бул тууралуу UWW сайтында жарыяланды.

72 килограмм салмактагылар арасында ал финалда АКШнын өкүлү Жасмин Долорес Робинсонду жеңди.

Буга чейин мекендешибиз Германия, Орусия жана Япониядан келген спортчуларды жеңген.

Бүгүн дагы бир кыргызстандык спортчу Кайыркүл Шаршебаева коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы Түркиядан келген спортчу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар