18:17
USD 87.45
EUR 101.52
RUB 1.08

Бүгүн Бишкектин борборунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн, 24-октябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин CR-1 кызматкерлери Гоголь көчөсүндөгү ысык сууну убактылуу өчүрүүчү секириктерди демонтаждоо иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Ысык суу төмөнкү даректерде жок болот:

  • Гоголь көчөсү, № 114, 116, 116/1, 116/2, 133 (медпункт), 179, 191 имараттар;
  • Михаил Фрунзе көчөсү, № 300, 423, 425, 425/4, 429б имараттары («Достук» мейманканасы);
  • Жумабек көчөсү, № 64, 79/1 (бала бакча), 83 имараттар;
  • Семашко көчөсү, 5, 7, 9-имараттар.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарына убактылуу ыңгайсыздыктарды билдирип, түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирет.

Эң көп окулган жаңылыктар