Бүгүн, 24-октябрда өлкөнүн бардык мектептеринде Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган тематикалык сабактар жана иш-чаралар өткөрүлүүдө. Окуучулар БУУнун тынчтыкты сактоодогу, эл аралык кызматташтыктагы жана адам укуктарын коргоодогу ролун, ошондой эле Кыргызстандын уюмдун ишине кошкон салымын изилдешти.
Бишкек шаарындагы Байдылда Сарногоев атындагы № 100 орто мектебинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравенин катышуусунда класстык саат болуп өттү.
Эдил Байсалов окуучулардын алдында сүйлөп жатып, төмөнкүлөрдү белгиледи:
«БУУнун күнү бардык мектептерде өткөрүлүп жатат, анткени Кыргызстандын окуучулары Бириккен Улуттар Уюму жөнүндө билиши керек жана биздин өлкө анын толук кандуу мүчөсү болгону менен сыймыктанышы керек. Анткени ар бирибиз — балдар дагы, чоңдор дагы — айлана-чөйрөнү сактоого, адам укуктарын урматтоого жана планетабызда тынчтыкты бекемдөөгө жооптуубуз».
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар дүйнө жана жаштардын келечеги үчүн БУУнун мааниси жөнүндө чыгармачылык иштерин, стенддерин жана кыскача презентацияларын тартуулашты.


