«Кыргызское Взморье» санаториясынын сейил бак жана пляж аймагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын көзөмөлүнө өткөрүлүп берилди. Бул чечим «Кыргызалтын» ААК акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алынды.
Компаниянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, акционерлер компаниянын түзүмүн кайра уюштуруу жана оптималдаштыруу боюнча бир нече чечимдерди бекитишти.
Төмөнкүлөр боюнча чечимдер кабыл алынды:
- «Автотранспорт ишканасы» филиалын жоюу;
- «Кыргызалтын-Курулуш» филиалын жана сатып алуулар бөлүмүн капиталдык курулуш жана камсыздоо бөлүмүн түзүү менен кайра уюштуруу;
- компаниянын 2025-жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- филиалдар үчүн жоюучуну дайындоо.


