Дональд Трамп Борбордук Азия лидерлерин Вашингтонго C5+1 саммитине чакырды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ак үйдүн башчысы Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын лидерлерин Вашингтондо өтө турган Борбордук Азия-АКШ саммитине (C5+1 форматында) чакырды. Жолугушуу 6-ноябрда өтөт.
Бул ушул форматтагы экинчи саммит болот. Биринчиси 2023-жылы Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында өткөн. Ал кезде Жо Байден АКШнын лидери болчу.
Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү Серхио Гор жана Мамлекеттик катчынын орун басары Кристофер Ландау 26-30-октябрь күндөрү Өзбекстан менен Казакстанга сапар тартаарын жарыялаган. Кийинчерээк Казакстандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөрдө Астана менен Вашингтондун ортосундагы мамилелердеги аймактык жана эки тараптуу маселелер, ошондой эле аймактык коопсуздук, соода, экономика жана C5+1 форматындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелери караларын билдирген.


