Бир жуманын ичинде Кыргызстанда дээрлик 400 мас айдоочу кармалды
11:35, 27 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
20-октябрдан 26-октябрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 24 566 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматы билдирди.
Анан ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 3 117;
- мас абалында унаа башкаруу — 399;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 227;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1985;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 186;
- авто ээнбаштык — 43;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3649;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 13;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 12 651;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 513 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.