13:04, 27 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргыстандын Министрлер кабинети келерки жылга минималдуу эмгек акынын өлчөмүн 3280 сом деп белгиледи. Бул көрсөткүчтөр Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө берилген 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга карата республикалык бюджетте камтылган.
Министрлер кабинетинин эсептөөлөрүнө ылайык, 2027-жылга минималдуу эмгек акы 3608 сом, ал эми 2028-жылга 3968,8 сом өлчөмүндө белгиленген.
Белгилей кетсек, бул сандар кадимки жумуш шарттарында жөнөкөй тапшырмаларды аткарып, толук стандарттык жумуш убактысында иштеген квалификациясы жок кызматкердин айлык эмгек акысын билдирет.