Кыргызстан 2,5 жылдын ичинде толук энергетикалык көз карандысыздыкка жетет

14:30, 27 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров электр энергиясын импорттоону токтотууга убада берди

Жалал-Абад облусундагы Каракөл ГЭСинин ачылыш аземинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан кышкы электр энергиясы менен 2,5 жылдын ичинде өзүн-өзү толук камсыздай турганын билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Садыр Жапаровдун айтымында, ГЭСтин ишке кириши өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда жана улуттук экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

"Эсиңиздерде болсо, 2023-жылы Энергетика министрлигибиз инвестициялык макулдашууну сунуштап, аны министрлер кабинети жактырып, бекитип берген эле. Анын алкагында ошол эле жылдын сентябрь айында аталган ГЭСтин курулушу башталган. Бүгүн биз кыска убакыттын ичинде бул ГЭСтин ийгиликтүү аяктагандыгына күбө болуп турабыз. Макулдашууга ылайык, Кара-Көл ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи кварталында бүтмөк. Натыйжада курулуш иштери графиктен 5 айга эрте бүтүрүлүп, бизди кубантып жатышат.

Албетте, бул — биздин адистердин, куруучулардын жана демилгечи тараптардын кесипкөйлүгүнүн, ынтымактуу аракетинин үзүрү экенин баса белгилейм. Курулуш иштерин толугу менен ата мекендик компания жүргүзүп, улуттук ресурстарга таянып, ийгиликтүү жыйынтыкка жетишти. Биздин адистерибиздин олуттуу тажрыйба топтоп, энергетика тармагындагы жогорку квалификациялуу кадрлар катары калыптанып жатышы маанилүү жетишкендик десем болот. Бул дагы биз үчүн чоң сыймык. Мындан улам долбоорду ишке ашырууга өз салымын кошкон бардык адистерге, куруучуларга, инженерлерге ыраазычылык билдирем«,- деди Жапаров.

«Долбоор, жогоруда белгиленгендей, толугу менен ата мекендик инвестор «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ишке ашырылды. Макулдашууга ылайык, бул ГЭСти 15 жыл иштетип, андан соң мамлекеттин менчигине, башкача айтканда, 100 пайыз мамлекетке өткөрүп берет. Мамлекеттик саясат ушундай. Бул мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы ишенимдүү өнөктөштүктүн айкын үлгүсү»

Садыр Жапаров

Кыргызстанда энергетика бул артыкчылык берилген келечектүү тармак болуп эсептелет. Биздин адистер тажрыйба топтоп курган ар бир чакан ГЭС менен өлкөбүздүн кубаттуулугун барган сайын арттырууда. Учурдан пайдаланып, бүгүн бардык ата мекендик ишкерлерге жана инвесторлорго кайрылып кетейин. Мамлекет ар бир инвесторго ишенимдүү өнөктөш болуп, жоопкерчиликтүү колдоо көрсөтүүгө даяр".