Бишкектин айрым аймактарында газ убактылуу өчүрүлөт

15:06, 27 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Орто басымдагы газ түтүктөрүндөгү иштерге байланыштуу борбор калаанын айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иштер ишенимдүү жана коопсуз газ менен камсыздоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат:

  • Анкара, Исакеев, Чокан Валиханов жана Нурбашев көчөлөрү — 28-октябрдан 29-октябрга чейин;
  • ЧЧК, Профессор Зима, Кудрук, Журналная, Урицкого жана Жамбул көчөсү — 29-октябрдан 31-октябрга чейин;
  • Чыңгыз Айтматов проспектиси, Лев Толстой, Матыев, Бакаев жана Гагарин көчөлөрү — 29-октябрдан 31-октябрга чейин.

«Бишкекгаз» ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана кардарлардан жаратылыш газы өчүрүлгөн учурда альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат.