17:18, 27 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Эртең, 28-октябрда өлкөнүн тоолуу аймактарында күн жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +17 ... +22;
Талас жергесинде түнкүсүн +4 ... +6, күндүз +18 ... +20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10 ... +12, күндүз +25 ... +27 градус жылуу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +4 ... +6, күндүз +14 ... +16;
Нарын аймагында түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +13 ... +15 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +7... +9, күндүз +19 ... +21 градуска жетет.