09:12, 28 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Орусия Кыргызстандын түштүгүнө дагы бир азык-түлүк жардамын жеткирди. Бул тууралуу Орусиянын Бишкектеги элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ошко 121,44 тонна күн карама майы жеткирилген. Бул жардам БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылат.
Эскерте кетсек, Россия Федерациясы Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жылда Россия өкмөтү жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы биргелешип Кыргыз Республикасынын жарандарына ар кандай деңгээлде, өзгөчө кырдаалдардан жана калыбына келтирүүдөн баштап, өнүктүрүүгө чейин, анын ичинде улуттук мектеп тамак-аш программасы сыяктуу социалдык коргоо системаларында колдоо көрсөтүп келишкен.