Өлкөдө өткөн суткада 17 өрт кырсыгы катталды

12:36, 28 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 5, Бишкек шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.