Салык кызматы ККМ, ЭТТК жана ЭЭФти кимдер колдонушу керектигин тактады

14:25, 28 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

КРнын Салык кызматы кызматы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК), электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) жана контролдук-кассалык машинаны (ККМ)колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын тактады. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

ЭТТК

Кыргыз Республикасынын аймагында мунай жана мунай заттарын, алкоголдук жана тамеки продукцияларын, ал эми 2027-жылдан тартып дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сата турган салык төлөөчүлөр ЭТТКны колдонууга милдеттүү болуп саналат. Бул талап салык салуу системасына карабастан бардык субъекттерге тиешелүү.

ЭЭФ

Дагы бир маанилүү электрондук документ — бул электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ). Сатуучу товарларды сатууда же кызмат көрсөтүүдө аны атайын электрондук система аркылуу онлайн түрдө түзөт, ал эми сатып алуучу аны белгиленген мөөнөттө онлайн тастыкташы керек. ЭЭФ — бул товарлар жөнөтүлгөнүн же кызмат көрсөтүлгөнүн жана алардын баасын тастыктаган документ.

Эсеп-фактура салык төлөөчүлөрдүн төмөнкү категорияларынан талап кылынбайт:

— бирдиктүү салыктын негизинде нөлдүк ставканы колдонгон жана бир жылдык кирешеси 15 млн сомдон ашпаган салык төлөөчүлөр;

— патенттин негизинде иштеп, жеке жактарга жеке же үй-бүлөлүк керектөө үчүн жумуштарды жана кызматтарды көрсөткөн салык төлөөчүлөр;

— патенттин негизинде соода жүргүзгөн салык төлөөчүлөр;

— жеке айыл-чарба өндүрүшүндөгү продукцияларды жана аны кайра иштетүүдөн алынган азык-түлүктөрдү сатуу менен алектенген айыл чарба өндүрүүчүлөрү;

— товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеке жана (же) үй-бүлөлүк керектөө үчүн ишкер болуп саналбаган жеке жактарга гана саткан бирдиктүү салыктагы салык төлөөчүлөр;

— соода ишин жүргүзүүдө бирдиктүү салыкты 0,5% ставка боюнча төлөгөн, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зонасында иштеген салык төлөөчүлөр.

Бирок ЭЭФти колдонууга милдеттүү болгон салык төлөөчүлөр, эгерде алар ЭЭФти толтуруудан бошотулган сатуучулардан товар сатып алышса, анда алар бул товарлар тууралуу маалыматты ЭЭФ маалыматтык системасына өз алдынча киргизүүгө тийиш.

ЭЭФ системасына маалыматтарды киргизүү үчүн товарлар кампага, соода же өндүрүш түйүнүнө келип түшкөн учурда «Системанын катышуучулары болбогон жактардан сатып алууда товарлар жөнүндө маалыматтарды киргизүүгө электрондук документ» деп аталган электрондук документти тариздөө зарыл.

Бул талап, жалпы салык режими боюнча салык төлөгөн салык төлөөчү айыл чарба өндүрүүчүсүнөн анын айыл чарба продукциясын сатып алып, эсеп-фактураны тариздеген учурларда колдонулбайт.

Ошондой эле төмөнкүдөй ЭЭФ системасына киргизилбеген товарлар бар.

— алкоголдук продукциялар;

— тамеки буюмдары;

— дары-дармек каражаттары;

— медициналык буюмдар;

— баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар;

— мунай жана мунай продуктулары (2710197100-2710199800 ТЭИ ТН коддору менен майлоочу майлардан жана башка майлардан тышкары);

— салык органынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча чечими бар товарлар;

— рейддик салык контролунун жүрүшүндө ЭЭФ МСга маалыматтар киргизилгенге чейин салык органы тарабынан товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун жыйынтыктоочу актысы түзүлүп, баштапкы эсепке алуу документтеринин жоктугу аныкталган товарларлар.

Белгилей кетсек, Салык кодексине ылайык, эгерде товар баштапкы документтери жок сатылып алынып, Салык кызматынын маалымат системасына киргизилбесе, анда товардын баасынан 5% өлчөмүндө айып салынат.

Бул жалпы салык режиминин негизинде же бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынын стандарттык ставкаларында иштеген салык төлөөчүгө тиешелүү.

ККМ

Контролдук-кассалык машина төлөмдөрдү контролдоо жана фискалдаштыруу үчүн колдонулат. Ал бардык соода операцияларын каттап, сатып алуучуга чек берет жана маалыматтарды автоматтык түрдө Салык кызматына жөнөтөт. Патенттин негизинде же атайын режимдеги соода аймагында соода ишин жургүзгөндөргө ККМди колдонуунун кереги жок.

Өз кезегинде бирдиктүү салыктын негизинде иштеген ишкерлер товарларды же кызматтарды сатууда контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү.

Эскерте кетсек, фискалдык куралдарды колдонуу багытталган салыктык башкарууну жакшыртуу, финансылык агымдардын жана товарлардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана көмүскө экономиканы кыскартууга жардам берет. Бул адилеттүү жана натыйжалуу салык системасын куруу үчүн негиз түзөт.