17:26, 28 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Эртең, 29-октябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5...+10 күндүз +12...+17
Таласта түнкүсүн +3...+8 күндүз +13...+18
Баткенде түнкүсүн +7...+12 күндүз +15...+20
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8...+13 күндүз +16...+21
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2...+7 күндүз +12...+17
Нарында түнкүсүн −2...+3 күндүз +11...+16
Бишкекте түнкүсүн +8...+10, күндүз +12...+14 градус болот.