08:00, 29 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 29-октябрда саат 8:00дөн 12:00гө чейин шаардын бир бөлүгүндө ичүүчү суу менен камсыздоо токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Бишкек-Күнтуу» унаа жолунун боюндагы D-1000 мм суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу болууда.
Өчүрүлгөн аймак:
Достук айылы — ТЭЦ-2 турак жай комплекси — Ынтымак — Көк-Асаба — Көк-Жайык — Ахунбаев — Алыкулов — Өмүр — Муромская — Селекционная көчөлөрү — Бишкек — Күнтуу жолу.
«Бишкексууканал» ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурап, уюмдардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.