Акжол Махмудовдун Москвадагы эл аралык турнирдеги атаандашы аныкталды

08:30, 29 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун Поддубный лигасынын эл аралык турнириндеги атаандашы аныкталды. Бул тууралуу турнирдин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ал 8-ноябрда Москвада өтө турган онунчу Поддубный лигасынын турниринде (PWL-10) күч сынашат.

Фото Интернеттен алынды. Акжол Махмудов менен Хайк Мнацаканян беттешет

Махмудов 82 килограмм салмактагылар арасында болгариялык Хайк Мнацаканян менен беттешет.

Болгариялык спортчу Дүйнөлүк жана Европа чемпионаттарынын эки жолку коло медалынын ээси.

Махмудов менен Мнацаканян буга чейин PWL турнирлеринде эки жолу күрөшкөн. Балбандар үч жолу беттешке чыгышкан. Алардын беттештеринин жалпы эсеби 2-1 Акжол Махмудовдун пайдасына чечилген.