09:00, 29 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүндөн баштап 2-ноябрга чейин Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониядагы иш-чаранын ачылышында Россия эстрада жылдыздары, музыканттары катышкан концерттик программа тартууланат. Концерт белгилүү «Фонограф-Симфо Жаз» оркестринин коштоосунда, Россиянын эл артисти Сергей Жилиндин жетекчилиги менен өтөт. Ушул эле күнү филармониянын фойесинде Россия жана Кыргызстан кинематографиясын байланыштырган «Бир экранда — Россия, Кыргызстан, кино» аттуу фотокөргөзмө ачылат.
Ошондой эле «Манас» кинотеатрында кинофестивалдын ачылышы болот. Салтанаттуу бөлүктөн кийин режиссер Никита Высоцкий тарткан «Август» тасмасы көрсөтүлүп, автор менен жолугушуу өтөт. 30-октябрдан 1-ноябрга чейин фестивалдын алкагында башка тасмалар да сунушталат. 30-октябрдан 2-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрында Никита Михалков жетектеген Мастерская «12» театрынын спектаклдери коюлат. Алардын катарында «12» аттуу драма жана балдар үчүн Евгений Шварцтын чыгармасы боюнча коюлган «Жоголгон убакыт жомогу» спектакли бар.