Ашууларында кар жаады: оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр сакталууда

10:14, 29 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын тоолорунда аба ырайынын кескин начарлашына жана кар жаашына байланыштуу жол кызматтары күнү-түнү иштеп жатканын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканаларынын кызматкерлери жолдорду тазалоону жана кум-туз аралашмасын себүүнү улантууда.

Бүгүн, 29-октябрда саат 9:30дан баштап Төө-Ашууда (28-октябрда саат 21:00дөн баштап) жана Ала-Белде (28-октябрда саат 21:30дан баштап) жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилди.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу жол жабык. Азыркы тапта № 36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүу иштери жүрүп жатат. Бир саат аралыгында жеңил унааларга каттам берилери күтүлүүдө.

Транспорт министрлиги айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, каршы багыттагы унааларга чыгуудан алыс болууга жана унааларын алдын ала кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууга чакырат.