18:33
USD 87.45
EUR 101.64
RUB 1.10

Бишкектин Фучик көчөсүндөгү жол оңдоо иштери качан аяктары айтылды

Бишкек шаарында 2025-жылы 13 борбордук көчөдө жолдорду капиталдык оңдоо иштери пландаштырылган жана алардын 12синде иштер бүткөрүлгөн. Бул тууралуу Биринчи радиодо шаардын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башкы адиси Азамат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Фучик көчөсүндө — чыгыш тарабындагы Профсоюз көчөсүнөн ЧЧКга чейинки бөлүктөрүндө иштер жүрүп жатат.

«Ал жерге асфальт-бетондун экинчи катмары төшөлүүдө. Аба ырайы жакшы болсо, жакынкы күндөрү тиешелүү белгилерди орното баштайбыз. Андан кийин, оңдолгон тарапка жол кыймылын башка жакка буруп, батыш тарабындагы ошол эле бөлүктө капиталдык оңдоо иштерин баштайбыз. Бардык иштерди бүтүрүп, Фучик көчөсүн болжол менен 15-ноябрга чейин жол кыймылы үчүн ачууну пландап жатабыз», — деди Азамат Осмоналиев.

Ал кошумчалагандай, капиталдык оңдоодон тышкары эки көчө кайра курулуп, жаңы жолдор курулуп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар