Кыргызстанда тамеки өндүрүшү көбөйдү. Бул маалыматтар Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында камтылган.
Статистикага ылайык, 2025-жылдын январынан сентябрына чейин Кыргыз Республикасында учурдагы баада жалпысынан 25 684 700 сомдук тамеки продукциялары өндүрүлгөн.
Тамеки өндүрүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге өскөн.


