Кыргызстанда 2025-жылдын 20-октябрынан 26-октябрына чейинки жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 6699 учуру катталды. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 13,9 пайызга көптүк кылат. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Башкарманын маалыматы боюнча, республикада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу бойдон калууда.
Бардык учурлардын 64,6 пайызы 14 жашка чейинки балдар (4300 учур). Жуккандардын 6,7 пайызы (452 учур) ооруканага жаткырылган.
Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Нарын жана Чүй аймактарында республикалык орточо көрсөткүчтөн жогору көрсөткүчтөр катталган.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоого окшогон оорулар боюнча күзөттүк көзөмөл уланууда.
Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке медициналык борборлордо сасык тумоого каршы вакциналар бар экенин эскертет. Эмдөөнүн баасы 400 сомдон 1000 сомго чейин болууда.
Эгерде курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун белгилери пайда болсо, өз алдынча дарыланбастан, үй-бүлөлүк дарыгериңизден медициналык жардам алуу сунушталат.


