08:30, 30 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.
Мэриядан маалымдашкандай, ичүүчү суу «Ак Босого-1» , «Ак Босого-2» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтойт.
Өчүрүү районуна «Ак Босого» конушу, анын ичинде № 81 орто мектеп, № 13 ҮБД, № 2 «Алтынай» бала бакчасы, № 15 жергиликтүү милиция бөлүмү, № 16 МАБ кирет.
Саат 9.00дөн 20:00гө чейин турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
«Бишкексууканал» ичүүчү сууну эрте камдап алууну суранат.