09:23, 30 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлерден арыздарды кабыл алуу аяктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүн, 30-октябрда саат 18:00гө чейин арыздар кабыл алынат.
Бүгүнкү күнгө карата талапкерлерден түшкөн арыздардын саны 559ду түздү.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген.