11:41, 30 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргыстандын архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ташкентте аяктаган КМШнын курулуш тармагындагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты.
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, тараптар тажрыйба алмашуу жана турак жай курулушу, архитектура жана заманбап технологияларды ишке ашыруу жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуулардын жыйынтыгында министр Нурдан Орунтаев, Өзбекстандын курулуш министри Шерзод Хидоятов жана Тажикстандын архитектура комитетинин төрагасы Низом Мирзозода курулуш тармагында кызматташуу боюнча жол карталарына кол коюшту.