УКМКнын төрагасы Камчы Көлбаев коркуткан министр жөнүндө айтты

12:23, 30 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев министрлеринин бири маркум криминалдык төбөл Камчы Көлбаевден коркутулуп, андан жардам сурап кайрылганын айтты. Бул тууралуу УКМК төрагасы Кыргыз милициясынын 101 жылдыгына арналган иш-чарасында билдирди.

«Мен силерге бир мисалды айтып берейин. Биздин бир министр мага ыйлап келди. «Отурсам телефонума видео чалуу келди. Алсам ары жагында Көлбаев турат. Ал «Ушул-ушул жумуштарды бүтүрбөсөң азабын тартасың» деген. Мен арыз жазып жумуштан кетем» деди. Мен сага жооп берем, кызматтан кетпейсиң деп алып калып, мен чара көрүүгө милдеттүү болдум», — деди Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, бул иш кылмыштуу топтордун мурда мамлекеттик кызматкерлерге канчалык деңгээлде таасир этүүгө аракет кылганын ачык көрсөтүп турат.

«Мындай кырдаалдар бүгүн болбошу керек. Мамлекет кылмышкерлерден коркпошу керек — тескерисинче, кылмышкерлер мыйзамдан коркушу керек», — деп баса белгиледи ал.