Кыргызстандын Акыйкатчысы өлүм жазасын киргизүүгө каршы

13:10, 30 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамила Жамабаева өлүм жазасын киргизүү демилгесин колдобойт. Акыйкатчылыктын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал бул тууралуу БУУнун туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда сунушталып жаткан өлүм жазасын кайра кайтаруу жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколунан чыгуу демилгеси талкууланды.

Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы. Жамила Жамабаева БУУнун туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушту
Акыйкатчы ИИМдин маалыматында аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыштардын саны жыл сайын 30 пайызга көбөйүп жатканын айтты.

Ошону менен катары эле, 2024-жылы институтка келип түшкөн кайрылуулардын 64,1 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын ишмердигине байланыштуу болгонун белгилеп өттү.

«Биз коомдун каргашалуу окуяларга болгон эмоционалдуу реакциясын түшүнүп жатабыз, бирок, өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептейбиз. Андан көрө, тергөөнүн сапатын жакшыртып, кылмышкерди жазадан качып кутулбасын камсыздап, алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл», — деп белгиледи Акыйкатчы.

Жамиля Жаманбаева Омбудсмен Институту өлүм жазасын кайтаруу боюнча сунуштарга өзүнүн пикирин, 2023-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык сотко кайрылып, өлүм жазасына тыюу салууну кайра карап чыгууну сунушташканда билдергенин айтты. Андан бери институттун бул маселеге көз-карашы өзгөрбөгөнүн белгилеп өттү. Анткени, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине, тактап айтканда өлкө 2010-жылы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын өлүм жазасын жоюуга багытталган Экинчи факультативдик протоколуна каршы келет.

БУУнун өкүлдөрү Акыйкатчынын пикирин колдоп, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин эскертти. Аны менен бирге өлкөнүн эл аралык аброюна да терс таасирин тийгизерин кошумчалашты.

«Эгер өлүм жазасы кайра киргизилсе, өлкө эл аралык милдеттенмелерден олуттуу түрдө алыстайт. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт жана Экинчи Факультативдик протоколдон чыгуу жолдору каралган эмес. Бул келишимдерге кошулган өлкөлөр өлүм жазасы боюнча кайра кайтпай турган укуктук чечим кабыл алышкан», — деди БУУнун туруктуу координатору Антье Граве.