01:25
USD 87.45
EUR 101.59
RUB 1.09

Чүйдүн Кожомкул айылында мектеп жана бала бакчанын курулушу башталды

Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылында (Военно-Антоновка) 750 орундуу мектеп, 120 орундуу бала бакча жана сейил бактын курулушу башталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Курванбек Авазов катышты. Аны социалдык объектилердин долбоору менен курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулу тааныштырды.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат.

Башкы план боюнча 3,1 гектар жерге 3 кабаттуу окуу корпусу заманбап спорт залы менен курулуп, сырткы футбол, волейбол, баскетбол үчүн аянтчалар каралган. Мектептин курулушу 451 млн сомго бааланууда.

Ал эми 1,3 гектар жерге жаңы 120 орунга ылайыкталган заманбап эки кабаттуу бала бакча курулат. Объекттин сметалык баасы 96 млн сомго бааланды.

Эң көп окулган жаңылыктар