22:58
USD 87.45
EUR 101.59
RUB 1.09

Садыр Жапаров жаңы аралыктан добуш берүү системасын сынап көрдү

Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даярдыктарды карап чыгып, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия тарабынан өткөрүлгөн аралыктан добуш берүү боюнча системасын текшерип көрдү

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мамлекет башчысы шайлоо участогу түзүлгөн Бишкектеги соода борборунда паспорту менен онлайн идентификациядан өттү. Система анын шайлоо участогун автоматтык түрдө аныктап, электрондук бюллетень берди. Садыр Жапаров талапкерге белги коюп, добуш берди.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров президентке шайлоо жабдууларынын иштөө принциптерин жана аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп берди.

Тест учурунда система кайталап добуш берүүнүн алдын алуу механизмин да көрсөттү: башка участоктон онлайн идентификациядан өтүүгө аракет кылганда, программа бул шайлоочу добуш берип бүткөнүн билдирип, бюллетень берген жок.

Президент шайлоо процессинин ачык-айкындыгын, техникалык даярдыгын жана бардык жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бардык шайлоо участкаларынын, анын ичинде аралыктан добуш берүү пункттарынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоону, ошондой эле жарандардын шайлоого катышуусун жогорулатуу максатында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Эске сала кетсек, тесттик аралыктан добуш берүү иш-чарасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өлкөнүн бардык участогунда, ошондой эле Россиянын айрым шаарларында өткөрүлүүдө.

Буга чейин ушундай тесттер быйылкы жылдын 10 жана 20-октябрында да өткөн. Анын максаты — жарандарга жаңы аралыктан добуш берүү системасы менен таанышууга жана анын ишенимдүүлүгүнө, ыңгайлуулугуна ынанууга шарт түзүү болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар