УКМКнын төрагасы Манас шаарындагы балдардын чыгармачылык борборун ачты

17:25, 30 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарында «Ариет» балдар чыгармачылык борборунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев иш-чарага катышып, балдардын билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн шарттарды карап чыкты.

УКМК басма сөз кызматы. УКМКнын төрагасы Манас шаарындагы балдардын чыгармачылык борборунун ачылышына катышты
Үч кабаттуу заманбап имарат бардык коопсуздук жана сапаттык талаптарга ылайык курулуп, балдардын чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Борбордо сүрөт, кол өнөрчүлүк, хореография, музыка жана башка үйрөтүүчү 25 ийрим иштейт. Жалпы 200 орунга ылайыкташкан борбордо балдар мектептен кийинки убакта кошумча сабактарга жана чыгармачылык ийримдерге катыша алышат.

Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, 30-октябрда толук аяктап, пайдаланууга берилди. Объект толугу менен демөөрчүлөрдүн каржылоосунда курулуп, бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалды.

УКМК басма сөз кызматы. УКМКнын төрагасы Манас шаарындагы балдардын чыгармачылык борборунун ачылышына катышты
Учурда борбордо 1300 окуучу билим алып жатса, жакынкы мезгилде дагы 500 бала кабыл алынары белгиленди. Эскилиги жеткен имараттан жаңы жана ыңгайлуу жайга көчкөн окуучулар менен мугалимдер жаңы борбордун ачылышын кубануу менен тосуп алып, ыраазычылыктарын билдиришти.