Адылбек Касымалиев кинорежиссер Никита Михалковго «Достук» орденин тапшырды

17:35, 30 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте Орусиянын маданият күндөрүнүн алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Орусиянын маданият министри Ольга Любимованын жумушчу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев кинорежиссер Никита Михалковго «Достук» орденин тапшырды

Иш-чаранын жүрүшүндө россиялык көрүнүктүү кинорежиссер Никита Михалковго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы «Достук» орденин тапшыруу аземи болуп өттү. Катышуучуларды куттуктоо сөзүндө Адылбек Касымалиев Маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн тарыхый байланышын чыңдоого салым кошуп жатканын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Никита Михалковду 80 жылдык туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, анын дүйнөлүк кинематографияны өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев кинорежиссер Никита Михалковго «Достук» орденин тапшырды

Минкаб төрагасы Никита Михалковго бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, маданиятты өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо үчүн мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалады.