18:20
USD 87.45
EUR 101.17
RUB 1.09

Жер титирөө. КР Илимдер академиясы сейсмикалык кызматтын иши жөнүндө отчет берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясы жер титирөөлөрдү көзөмөлдөгөн Сейсмология институтунун иши жөнүндө отчет берди.

Маалыматка ылайык, көз карандысыз Сейсмология институту 1975-жылдын 20-январында түзүлгөн. Бул Кыргызстандагы күчтүү, орточо жана алсыз жер титирөөлөрдү каттоо, сактоо, божомолдоо жана талдоо менен алектенген уникалдуу мекеме. 1979-жылы институт эксперименталдык жана методологиялык сейсмикалык экспедицияны түзгөн, ал кийинчерээк Институттун өзүнүн курамына кирген.

Сейсмолог илимпоздордун билдирүүсүндө өлкөбүздүн бардык жеринде жер титирөөлөр болгон, бир гана Ысык-Көлдүн ичинде жана Кытай менен чектешкен Аксай ойдуңунда гана жер титирөө болгону катталган эмес. Акыркы 120 жылдын ичинде 8 баллдан жогору 3 чоң, 7 баллдан жогору 10 жер титирөө катталган. Былтыр январь айында катуу жер титирөө коңшу Кытайда болгону менен Кыргызстан менен Казакстанга катуу таасир берген.

Сейсмология институтунун алдында күнү-түнү иштеген сейсмикалык кызмат иштейт. Алар атайын приборлор менен жердин абалын билип турушат, жер титирөө болгонун дароо ӨКМге билдирет, жарым сааттан кийин такталган маалымат чыгат. Азыркы учурда институтта 5 лаборатория, комплекстүү мониторинг жүргүзүүчү борбор, 21 сейсмикалык станция, 21 катуу кыймылдардын станциясы, 3 геомагниттүү станция жана 5 биохимиялык станция иштейт. Мунун баары азыркы өнүгүп бараткан заман үчүн аздык кылат.

Өткөн жылы Кытай өлкөсүнүн жардамы менен геомагниттик обсерваторияны Жумгал ойдуңуна курушкан. Ага 220 миң доллар жумшалган. Сейсмикалык абалды мониторингден өткөрүү үчүн маалыматтардын анализин иштеп чыгуучу борбор иштейт. Ал тургай Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жылышын, кыйрашын аныктай алышат. Жер титирөөлөрдүн 100 миңден ашык санариптик жазуулары сакталган. Алар тарыхый, илимий кызыкчылыктарга жооп бере алат.

Канатбек Абдрахматов жетектеген Сейсмология институту акыркы жылдары көптөгөн долбоорлорду жазуу менен чет элдик каражаттарга акыркы үлгүдөгү аппаратураларды алып, имаратын жаңылап, алдындагы лаборатория, борборлордун ишин чыңдап, өз милдетин мыкты жүргүзүп жатканын көрдүк.

Эң көп окулган жаңылыктар