Алдыдагы он жылдыктарда Кыргызстан калктын тез картаюусуна туш болот. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда кырдаалдын аналитикалык себептерин аныктоо учурунда жарыяланды.
Монографияга ылайык, 2030-жылга чейин 65 жаштан жогорку жарандардын үлүшү болжол менен 7 пайызга, ал эми 2050-жылга чейин дээрлик 19 пайызга жетет. Бул өлкөнү Европа өлкөлөрүнө жакындатып, социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо системалары үчүн жаңы кыйынчылыктарды жаратат.
«Кыргызстан демографиялык картаюу этабына кирди. Бул алыскы келечек эмес, системалуу жана ведомстволор аралык чечимдерди талап кылган учурдагы реалдуулук. Эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири — 75 жаштан ашкан адамдардын санынын өсүшү — бул өзгөчө көңүл бурууну жана колдоону талап кылган эң аялуу курактык топ», — деп белгилешти эксперттер.
Алардын маалыматтарына ылайык, демографиялык тез өзгөрүүлөр, жакырчылыктын жогорку деңгээли, аймактык айырмачылыктар жана адистештирилген кызматтардын өнүкпөгөндүгү коркунучтарды жаратат, бирок ошол эле учурда Кыргызстандагы активдүү картаюуну алдыга жылдыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.



 
  
  
 