Таш-Көмүрдө мамлекеттик каржылоо менен курулган 96 батир пайдаланууга берилди

14:46, 31 октября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган турак үй Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан толук реконструкциядан өткөн.

Фото Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү. Таш-Көмүрдө мамлекеттик каржылоо менен курулган 96 батир пайдаланууга берилди

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев катышты.

Фото Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү. Таш-Көмүрдө мамлекеттик каржылоо менен курулган 96 батир пайдаланууга берилди

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө жаңы турак жай ээлерин куттуктап, бул иш-чара мамлекеттин жарандардын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык туруктуулукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.