Кыргызстан курулуш көлөмүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде алдыңкы орунда турат

08:38, 04 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикасына ылайык, Кыргызстан курулуш көлөмүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде алдыңкы орунда турат.

Биримдиктеги курулуш иштеринин көлөмү 2025-жылдын январынан августуна чейин мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2 пайызга өскөн.

Өсүш Биримдиктин бардык өлкөлөрүндө байкалган. Эң жогорку көрсөткүч 45,3 пайызды түздү, андан кийин Армения 27,7 пайыз, Казакстан 18,1 пайыз, Беларусь 9,6 пайыз жана Орусия 3,5 пайызды түздү.

Мурда Кыргызстан ушул жылдын январь-май айларында дагы эң жогорку көрсөткүчтү (1,9 эсе) көрсөткөнү кабарланган.