09:00, 04 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 4-ноябрда турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек турак жай конуштары, саат 9:00дөн 22:00гө чейин.
Суунун өчүрүлүшү Ак-Жар жана Ак-Бата суу алуучу жайларындагы жана шаардык суу менен камсыздоо тармагындагы оңдоо иштерине байланыштуу болууда.
«Бишкексууканал» ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.