09:15, 04 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
2025-жылдын башынан майнингден түшкөн салык Кыргызстандын бюджетине 77 миллион сомдон ашык каражат кошту. Бул маалыматтарды Улуттук статистика комитети берет.
Ага ылайык, январь айынан сентябрга чейин майнинг компаниялары мамлекеттик бюджетке 77 миллион 73,5 миң сом салык которушкан.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине (38 миллион 163,7 миң сом) салыштырмалуу эки эсе көп.
Эскерте кетсек, 2024-жылы бюджетке майнинг салыгынан болгону 53 миллион сом түшкөн. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 43 пайызга аз, ал кезде киреше 93,7 миллион сомду түзгөн.
Майнинг салыгынын ченеми электр энергиясына болгон эсептин 10 пайызын түзөт. Ага ошондой эле КНС жана сатуу салыгы кирет.