16:03
USD 87.45
EUR 100.68
RUB 1.08

Кинематография департаментине жаңы директор дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Төлөбеков Талантбек Төлөбекович Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Бул чечим «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 18-беренесине ылайык, министр Мирбек Мамбеталиевдин сунушунун негизинде, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев колу менен кабыл алынды.

Жаңы дайындалган директорду жалпы эмгек жамаатка министр Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев тааныштырды.

Буга чейин аталган кызматты Улан Айылчиевич Адамалиев ээлеп келген. Ал кызматтан өзүнүн арызынын негизинде бошотулган.

Кинематография департаменти — улуттук кино тармагын өнүктүрүү, мамлекеттик колдоону күчөтүү жана кыргыз кинематографиясынын эл аралык деңгээлдеги атаандаштык жөндөмүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мекеме.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Төлөбеков Талантбек Төлөбекович — продюсер, Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун жана Кинопродюсерлер ассоциациясынын Башкармалыгынын мүчөсү.

— 1983-жылы 4-майда Бишкек шаарында төрөлгөн.

— Билими:

• Б. Бейшеналиева атындагы КУМИУ — «Социалдык-маданий ишмердүүлүк менеджери, педагог»;

• Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жай — «Балет артисти, хореограф».

Эмгек жолу:

— 2002-жылдан тартып маданият жана кино тармагында иштейт.

— 2013-жылдан бери «Ак илбирс» Улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүсү жана координатору.

— Продюсер катары «Үй сатылат», «Көл», «Мунабия», «Атанын керээзи» ж.б. тасмалардын үстүнөн иштеген.

— Улуттук фильмдерди «Оскар», «Алтын глобус», «Ника» сыяктуу сыйлыктарга көрсөтүүнү координациялаган.

— «Кыргызстанда тарт» инвестициялык программасынын жана Улуттук кинокомиссиянын демилгечиси.

— COVID-19 маалында кино ардагерлерин жана муктаж жарандарды колдоо иштерин уюштурган.

Жетекчилик кызматтары:

— «Ак илбирс» сыйлыгынын аткаруучу директору (2019–2023);

— «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борборунун директору (2023–2025);

— Улуттук Оскар комитетинин төрагасы (2023-жылдан);

— «Shaboto Film Group» ЖЧКсынын директору (2025-жылдан).

Сыйлыктары:

— «Маданияттын мыкты кызматкери»

Эң көп окулган жаңылыктар