Жазадан качууга жардам берген. УКМК психолог жана милиция кызматкерин кармады

12:05, 04 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Республикалык психиатрия жана наркология борборунда коррупциялык схема табылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун 50 жаштагы А.Ч.Ш. аттуу эксперт-психологу Ленин райондук милициясынын тергөө кызматынын башчысынын 31 жаштагы А.у.Ж. аттуу орун басары менен алдын ала сүйлөшүп алып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен качыруу максатында «акыл-эси жайында эмес» деп мыйзамсыз таануу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөн.

УКМК басма сөз кызматы

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2025-жылдын январь айында Бишкек шаардык милициясы тарабынан баңгизат сатуу боюнча 18 жаштагы М.А.А. кармалган. Ленин райондук милициясынын кызматкери кармалган жарандын жакын туугандарынан опузалап 1,5 млн сом алган. Андан кийин ал психолог-эксперт менен эксперименталдык-психологиялык экспертизанын баштапкы корутундусун бурмалашып, эки жолу тең шектүү «акыл эси жайында эмес» деп табылган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкери жана психолог-эксперт кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары