20:07
USD 87.45
EUR 100.69
RUB 1.08

Алдамчылык үчүн жазалар катаалдашты. Президент мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров алдамчылык жана соттун чечимдерин аткарбоо үчүн жазаларды күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдирди

«КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамы 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — алдамчылык аракеттеринин алдын алуу, аны аныктоо жана бөгөт коюу чараларын укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Кабыл алынган мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, алдамчылык (КЖКнын 209-беренеси) үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү каралган. Бул чара алдамчылык кылмыштарынын жаңы квалификациялык белгилерин киргизүү жолу менен ишке ашырылган, алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • маалыматтык-коммуникациялык технологияларды же Интернет тармагын колдонуу аркылуу жасалган;
  • эки же андан көп адамдарга карата жасалган;
  • кызматтык абалын пайдалануу жолу менен жасалган.

Мындан тышкары КЖКнын 58, 88 жана 92-беренелерине да өзгөртүүлөр киргизилген, алар төмөнкүлөрдү карайт:

  • алдамчылык жасалган учурда кылмыш жоопкерчилигинен же айыптоо өкүмүн аткаруудан мөөнөттүн өтүп кетишине байланыштуу бошотууга жол бербөө;
  • жаза мөөнөтүнөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу — анын ичинде алдамчылык үчүн — кылмыш менен келтирилген зыян толугу менен төлөнгөн учурда гана колдонулушу мүмкүн.

Ошондой эле КЖКнын 370-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизилип, соттун өкүмүн, чечимин же башка сот актысын аткарбагандыгы үчүн кылмыш-жаза чараларын күчөтүү каралган.

Бул норма боюнча жаза 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып пул салуу же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар