00:01
USD 87.45
EUR 100.69
RUB 1.08

Бишкекте 8-9-ноябрда айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 8-9-ноябрда социалдык маанилүү азык-түлүктөрдү сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке Т.Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле И. Раззаков жана Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.

Айыл чарба министрлиги
Фото Айыл чарба министрлиги. 8-9-ноябрда айыл чарба жарманкеси өтөт

Жарманкеге катышууга дыйкандар жана өндүрүүчүлөр чакырылат.

Катышуучуларга коюлуучу талаптар:

  1. продукция сапаттуу жана таза болушу керек;
  2. баалар базар баасынан төмөн болушу зарыл;

министрликтин райондук агрардык башкармалыгынын жетекчилигинен тастыктоочу кат талап кылынат.

Эң көп окулган жаңылыктар