16:12, 04 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте 8-9-ноябрда социалдык маанилүү азык-түлүктөрдү сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке Т.Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле И. Раззаков жана Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.
Жарманкеге катышууга дыйкандар жана өндүрүүчүлөр чакырылат.
Катышуучуларга коюлуучу талаптар:
министрликтин райондук агрардык башкармалыгынын жетекчилигинен тастыктоочу кат талап кылынат.