Бишкектин үч конушунда муздак суу өчүрүлөт

09:32, 05 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 6-ноябрда саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Энесай, Дордой-1 жана Дордой-2 конуштарында суу болбойт.

Энесай суу алуучу жайында жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүүлөр болуп жатат.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.