11:19, 05 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
2025-жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы Сот аткаруучулар кызматы мамлекеттик казынага 510 миллион 889 миң сом жана 165 миллион сомдон ашык бааланган мүлктү кайтарып берүүнү камсыз кылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 464 570 000 сомду түзгөн.
2025-жылдын сентябрь айынын аягына карата республика боюнча 145 144 аткаруу буйругу аткарылган. Алардын 132 815и мамлекеттин пайдасына, калгандары жеке жана юридикалык жактардын пайдасына чыгарылган.
Жыл башынан бери алимент төлөө боюнча 1160 аткаруу буйругу өндүрүлгөн. Алимент төлөөдөн качкан дагы 1322 карызкор издөөгө алынган.
Өлкө боюнча мамлекеттин пайдасына конфискацияланган мүлккө байланыштуу 238 аткаруу өндүрүшү көзөмөлдөнгөн. Алардын ичинен 153 өндүрүш толугу менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында аткарылган.
Мамлекеттик менчикке өткөрүлүп берилген мүлктүн жалпы наркы 165 403 953 сомду түзгөн.