12:05, 05 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Ошто өзүнүн кардарынан акча талап кылган деп шектелген жактоочу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, А.Г. аттуу жаран С.Н.С. аттуу жактоочуга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен атайын кызматка кайрылган.
Анда С.Н.С. жактоочу катары кесиптик милдеттерин аткарып жатып «Алдамчылык» беренеси боюнча бир катар кылмыштарды жасоого айыпталган арыз ээсине юридикалык жардам көрсөтүү аркылуу анын ишенимине ээ болуп, кызмат адамдары, тактап айтканда, сот бийлигиндеги адамдар менен байланышы бар экенин айтып, Ош шаардык сотунда каралган кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарууга таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып атайылап жаңылыштырган.
Аталган С.Н.С. пробация түрүндөгү жазаны дайындоого же жашы жете элек баласы бар экендигине байланыштуу аны колдонуу аркылуу кийинкиге калтырууга көмөк көрсөтүү жолу менен жазык иши боюнча маселени оң жагына чечүүнү убада кылып, ал үчүн 350 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.
Буга байланыштуу УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаардык сотунун имаратынан акча каражатын алгандан кийин жогорудагы адвокат кармалган.
Жеке тинтүүнүн жүрүшүндө жактоочу кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн пара катары алган акчаны өз ыктыяры менен берген.
Учурда ал УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.