Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министригинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-ноябрдан 7-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ошондой эле ӨКМ төмөнкү эрежелерди сактоону эскертет:
- унааңыздын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырыңыз;
- алыскы жолго чыксаңыз, дары-дармек, суу, тамак-аш, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын унутпаңыз;
- зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай туруңуз;
- кырсык болгондо күнү-түнү иштөөчү 112 номерине чалыңыз (чалуу акысыз).


